1738-жылы чыккан Польша монетасы, 7-8-кылымга таандык Бухара хандыгынын тыйыны. Алматылык Леонид Ярухиндин коллекциясында эски тыйындардын башка да баалуу үлгүлөрү бар. Ошондой эле, Казакстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган совет мезгилиндеги коллекциялык жана инвестициялык монеталар да кездешет. Азыр анын колунда 400гө жакын тыйын бар.
Леонид Ярухин, нумизмат:
- Мен биринчи жолу чогулта баштаганда YouTube сайтына тыйындарды салгам. Анан мени бир нумизмат байкады, ал дагы металл детектор менен жүрөт, ал Орусиянын Москва шаарынан. Ал менин таанышым аркылуу дарегимди сурап, тыйындарды белекке жөнөттү. Анда 15 монета бар болчу, нумизматикага ого бетер кызыга баштадым. Ошол учурдан баштап мен монеталарга олуттуу мамиле кылып калдым.
Михаил Ярухин, атасы:
- Анын коллекцияга болгон дилгирлигин байкап, колдон келишинче колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келем. Биз «Эл Дала» коомуна да кошулдук. Балам менен Балхашка барып турам.
Леонид эски тыйынды таап эле тим болбостон, анын эмнеден жасалганын, качан жана ким тарабынан сакталганын да изилдеп табат. Ошол мезгилдин тарыхын кунт коюу менен окуп чыгат. Анын табылгалары өзү окуган мектебинин музейине коюлган. Экспонаттардын арасында кумуралардын сыныктары, жебенин учтары жана башка буюмдар бар. Учурда жаш изилдөөчү байыркы кенчти табууну кыялданат.