2023-жылы Чыгыш Казакстан облусунда ички туристтердин агымы 2,7%га артты. Өткөн жылы облуска жалпысынан 350 миң эс алуучу келген. Мекемеден билдиришкендей, Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режимдин киргизилиши аймакка чет өлкөдөн келгендердин санын бир топ көбөйттү. Маселен, чет элдик туристтерди Буктурма суу сактагычы, Сибе көлдөрү, Катон-Карагай районундагы дарылоо, облустагы тарыхый объектилер, Глубокое районундагы жана Риддердеги тоо лыжа комплекстери абдан кызыктырат. Мындан тышкары аймакта курорттук, кышкы жана айыл туризми тез темп менен өнүгүп жатат. Жалпысынан облуста өткөн жылы жаңы объектилерди курууга жана тармакты өнүктүрүүгө 12 млрд теңге инвестиция салынган.
Ержан Еркинбаев, Туризм жана спорт министринин орун басары:
– Жалпысынан былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Чыгыш-Казакстан облусу туризмден 6 млрд теңге пайда көрдү. Аймактын саясаты Best Tourism бирикмесин өнүктүрүүгө багытталган. Бул жергиликтүү тургундар аймактык туризмге катышып, мейманкана куруп жатканын билдирет. Бул саясат өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Себеби, Чыгыш-Казакстан аймагы дүйнөлүк туристтик рейтингдерге кирип гана тим болбостон, жакшы көрсөткүчтөргө да жетишти. Мисалы, туризм жаатында Берлинде өткөн көргөзмөдө green destination боюнча мыктылардын катарына кирди. Тагыраак айтканда алдыңкы үчтүккө кирди. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондусу Чыгыш-Казакстан аймагын дүйнөдөгү экологиялык дарамети өтө жогору 200 багыттын катарына кошкон. Бул олуттуу натыйжа болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков