Казакстанда биргелешкен пенсия аннуитетин киргизүү мерчемделүүдө

Казакстанда биргелешкен пенсия аннуитетин киргизүү мерчемделүүдө

Казакстанда биргелешкен пенсиялык аннуитетин киргизүү мерчемделүүдө. Мындай мүмкүнчүлүк түгөйлөргө жана жакын туугандарга берилет. Бул тууралуу Мажилистин жыйынында Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы Мадина Абылкасымова билдирди. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары казакстандыктардын пенсиялык топтоолорун бириктирген жаңы мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Мадина Абылкасымова, РКнын Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:

- Эгерде жубайлардын биринин пенсиялык топтоолору жетишсиз болсо, ал эми экинчисинде андан көп болсо, алар пенсиялык топтоолорун бириктирип, пенсиялык аннуитетин сатып ала алышат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тарта Казакстанда пенсиялык аннуитет бир топ арзандады. Эми аны алуу үчүн эркектер 6,7 миллион теңге, ал эми аялдар 9 миллион теңге чогултуусу керек. Аннуитеттик төлөмдөр камсыздандыруу компаниясы тарабынан өмүр бою ай сайын жана жыл сайынкы индекстөө менен башкача айтканда, жыл сайын бери дегенде 5 пайыз өсүү менен жүзөгө ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков