Казакстанда шахматтан дүйнө чемпионаты өтөт

Казакстанда шахматтан дүйнө чемпионаты өтөт

Ян Непомнящий менен Дин Лижэн баш байге үчүн ат салышат. Чын куран айынын 7нен бугу айынын 1не чейин өтө турган масштабдуу иш-чара 14 партиядан турат. Борбор калаага бир катар атактуу адамдар, атап айтканда ФИДЕнин президенти Аркадий Дворкович, шахмат боюнча дүйнөнүн 14- жана 15-чемпиондору Владимир Крамник жана Виши Ананд, шахмат боюнча аялдар арасында дүйнөнүн 4 жолку жолку чемпиону Хоу Ифань жана башкалардын келери күтүлүүдө. Чемпионаттын алкагында алар семинарларды, оюн сеанстарын өткөрүшөт. Буга кошумча Казакстандын жана дүйнөнүн аялдар курама командаларынын ортосунда рапид жана блиц боюнча эл аралык беттеш өткөрүлөт. Ошондой эле балдар турнири да уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков