Жыл башынан бери Түркестан облусуна 235 миңден ашуун турист келди

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Түркестан облусу саякатчылардын эсебинен 5 жарым миллиард теңге киреше тапкан. Өткөн жылдын чейрегинин жыйынтыгы боюнча аймакка 235 миңден ашуун адам келген. Ыйык шаарды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору катары тааныгандан кийин саякатчылардын саны кескин көбөйдү. Бул катарда Түркия, Орусия, Индия жана Кытай жарандары басымдуулук кылат. Көптөгөн конокторду Кожа Ахмед Яссауи күмбөзү кызыктырат. 2025-жылы туристтик агымды эки эсеге көбөйтүү мерчемделип жатат.  Белгилей кетсек, бул жылы тармакты өнүктүрүү үчүн аймакка 50 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган. Мындан тышкары, облустта туристтик объектилерде бирдиктүү маалымат топтоо боюнча методикалык колдонмолор иштелип чыгууда. Анда байыркы уламыштар жана аймакка байланыштуу кызыктуу окуялар, ошондой эле тарыхый фактылар камтылат. Бул ишке тажрыйбалуу археологдор, тарыхчылар, архитекторлор, чөлкөм таануучулар жана аймактын башка квалификациялуу адистери тартылган. Чогултулган бардык маалыматтар казак, орус, англис, түрк, кытай, араб жана жапон тилдерине которулат. 

Сехун Пак, турист:

– Биз үй-бүлөбүз менен эс алууга Түркестанды тандадык. Себеби мен Кожа Ахмед Яссауинин күмбөзү жөнүндө интернетте көп кездештиргем. Мына эми келип, кыдырып жүрөбүз. Өзгөчө шаар экен. Мага абдан жакты.

Нурдаулет Медеуов, облусттук туризм башкармасынын башчысы:

– Өткөн жылдарда туристтердин саны 562 миңге жакын адамды түзгөн. Ички жана чет элдик туристтер бар. Чет элдик туристтер «Е-Qonaq» атайын системасы аркылуу 14 миң адамдан ашты. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков