Быйыл 20-Эл аралык мергенчилик жана жылкычылык
көргөзмөсү Абу-Дабиде
көчмөндөрдүн мурасын сүйүүчүлөрдү
өзүнө тартты. Конокторду азыркы жашоодо байыркы көчмөн
цивилизациясынын салттары кызыктырат. Иш-чаранын катышуучулары, 65 өлкөнүн
компаниялары ат спорту жана мүнүшкөрчүлүк
чөйрөсүндөгү акыркы технологияларды жана инновацияларды, сергек жашоо жана саякат үчүн
буюмдарды көрсөтүштү. Келгендер арабдын кооз жылкыларына, иттерине же шумкарларына
суктанып гана койбостон,
аларды сатып алууга да мүмкүнчүлүк
алышты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө
аукциондор, аңчылык жана спорттук мелдештер уюштурлду. Ошондой эле Борбор Азия
өлкөлөрүнүн буюмдары көрсөтүлдү. Казактын өнүмдөрү – кургак була түрүндөгү саамалы
чоң кызыгууну жаратты. Бул көргөзмө - жаңы өнөктөштүктү орнотууга, экспорттун
географиясын кеңейтүүгө жана салттуу маданий баалуулуктарды жайылтууга дем
берүү менен бирге уюштуруучулар жана катышуучулардын башын бириктирди.
Вероника Блонтрок, IAF коомчулук менен байланыш кызматынын адиси:
-Көргөзмө биз үчүн маанилүү. Бул жерде шумкарчылыкка
болгон ышкыбоздук жөнүндө сөз кылууга болот. Биз каада-салтты кантип сактап,
келечек муунга өткөрүп берүү керектигин айтып, көрсөткүбүз келет. Биз үй жаныбарларын
коргоонун жана алардын жашаган жерлерин сактоонун маанилүүлүгүн үйрөтөбүз.
Эссам Элмасри, Фуджейра көркөм сүрөт академиясынын айкелчиси:
-Биз конокторго маданиятыбызды
кандай кабыл алып, кандай урматтаганыбызды көрсөтөбүз. Ал эми биз өзүбүздүн
мурасыбызды сактап, келечек муундарга өткөрүп берүүнү көздөп жатабыз. Сиздердин
өлкөгө келе турган болсок, мен Казакстанды жана сиздердин өлкөнү жакшы көрөм, анын
үстүнө маданиятыбыз окшош. Биздин жашообуз жылкы жана мергенчилик менен тыгыз
байланышта, бизди ат чабуу да бириктирет. Мен келечекте өз эмгектеримде казак
элин чагылдырайын деген ниетим бар. Албетте, бизге жана бүткүл дүйнөгө сиздердин
маданият жөнүндө айтып бериш үчүн келерки жылы көргөзмөгө дагы казакстандык
компаниялар катышат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков