Казакстанда акыркы алты айда келген ички туристтердин саны 1 миллион 130 миң адамга жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,5 пайызга көп экенин Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Министрлик жылдын аягына чейин улуттук парктарга 2 миллионго жакын адам келээрин мерчемдеп жатат. Буга чейин Щучинск-Бурабай курорттук аймагына 550 миң, Шымбулакка 240 миңге жакын адам келген. Аталган көрсөткүч былтыркы жайкы сезонго салыштырмалуу 90 миңге көп. Анан дагы өлкөгө жума сайын 11 миңден кем эмес чет элдик турист келээрин белгилей кетүү керек. Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча, Казакстан 2021-жылы дүйнөлүк туризм рейтингинде позициясын жакшыртып, 117 өлкөнүн ичинен 66-орунду ээлеген. Ошол эле жылы өлкөгө келген туристтердин агымы 7 миллионго чукулдап, рекорд койгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков