Казакстандын жаратылыш мурастарына аяр мамиле кылуу: белгилүү шоколад жасоочулардын бири «Жумбактас» десертин жаратты

Казакстандын жаратылыш мурастарына аяр мамиле кылуу: белгилүү шоколад жасоочулардын бири «Жумбактас» десертин жаратты

Казакстанда туристтер үчүн жаратылыш кооз жерлеринин формасындагы уникалдуу десерттер иштелип чыкты. Эми каалоочулар «Жумбактас» аскасын көрүп эле тим болбостон, даамын да тата алышат. «Табышмактуу таш» формасындагы ушул эле аталыштагы десертти испаниялык белгилүү шоколадчы жана кондитер ашпоз Ханс Овандо жараткан. Гастрономиялык чыгарманы жаратуудан мурда, устат атайын Щучинск-Боровой курорттук зонасына барып, анын берметинин тарыхы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашып, салттуу ингредиенттерди изилдеген. Анын айтымында, бул десерт Казакстандын уникалдуу жаратылышына болгон урматтын символу.

Ханс Овандо, кондитер-ашпоз, шоколад жасаган адис, Испания:

- Мени Бурабайга чакырышты. Ал, жерден Жумбактастын тарыхы жана легендалары менен тааныштым. Ошондо менде Жумбактас ташынын формасында торт жасоо идеясы пайда болду. Бул казактардын жомокторго, сырларга оролгон символу жана бул, албетте, ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн туристтерди тартат. Ошондуктан Жумбактас формасындагы десертти жасоо жакшы идея болду.

Кулинария менен туризмди бириктирүү демилгеси казакстандык бизнестин өкүлдөрүнө таандык. Алардын идеясын «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы колдоду. Алардын пикиринде, мындай формат туруктуу туризм идеяларын илгерилетүүгө, туристтик объектилерге аяр мамиле кылууну калыптандырууга жана аларды сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жардам берет.

Даниел Сержан уулу, «Kazakh Tourism» УК төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Астанага келген конокторду элестетиңиз, алар бул десерттен даам татып, ал жөнүндө билип, андан ары Боровойго саякатын пландаштырышат. Анткени, чындыгында, Астанага көптөгөн иш сапар менен туристтер келишет жана алар Бурабайга чогуу барышса болот. Чындыгында, бул эки туристтик дестинация логистика жана биргелешкен өнүгүү жагынан абдан ыңгайлуу.

Которгон: Назира Бегалиева