Борбор калаада коомдук ишмер Мырзагелди Кемел эскерилди

Борбор калаада коомдук ишмер Мырзагелди Кемел эскерилди

Борбор калаада коомдук ишмер жана жазуучу Мырзагелди Кемел эскерилди. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы, ошондой эле, Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия Улуттук университетинин 25 жылдык мааракесинин алкагында окуу жайдын алдында Мырзагелди Кемел атындагы аудиториянын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Мажилистин депутаттары, коомдук ишмерлер, профессорлор жана анын туугандарыкатышты. Алар Мырзагелди Кемелдин ар бир чыгармасы кенч жана тарбиялык мааниси зор деген ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Белгилей кетсек, өлкөнүн мыйзам чыгаруу чөйрөсүнө олуттуу салым кошуп, өмүрүн мамлекетке, өлкөгө, жерге жана элге арнаган инсан мындан туура бир жыл мурун көз жумган.

Казыбек Иса, Казакстандын Парламенти Мажилисинин депутаты:

- Казак тилинде эстүү деген сөз бар. Мырзагелди Кемел агабыздын мүнөзү «эстүү» деген сөзгө толугу менен жооп берет. Анын дагы бир сапаты - ал жазуучулукту бирге алып жүрдү. Ал убагында «Абзалдыктын алиппесин», «Акыл куржунун» жазган. Мисалы, «Акыл куржуну» деген китеби ушул күнгө чейин Казак радиосунан уктурулуп келет. Азыр «Акыл куржуну» чыгармасы канча деген адамдардын жан дүйнөсүндө сакталып келе жатат. Агабыз ушундай баалуу эмгекти калтырып кеткен.

Бакытжан Кемел, Мырзагелди Кемелулы:

- Бул ал дарс окуган аудитория. Ушул жерге анын жазылган китептеринин бардык жыйнагын койдук. Бул жаштар үчүн чоң сабак жана бизди ээрчиген уулдарыбызга өзүлөрүнө, урпактарына, бир туугандарына болгон мамилесин өзгөртүүгө, алдыга умтулууга, «менден эмнеге озуп кетти деп эмес, «эмне үчүн биз артта калып жатабыз?» деген ойго салган өзөктүү маселелер камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков