Жаштарга арналган борбор ачылат

Жаштарга арналган борбор ачылат

Бул коворкинг-борбору, спорттук залдардан жана лекция окуучу жайлардан, жаштардын бош убактысын натыйжалуу өткөрүүгө арналган мейкиндиктен турат. «Талаа бүркүттөрү» бирикмесинин мүчөлөрүнүн айтымында, жакынкы аралыкта мындай атайын аянтчаны өлкөнүн ар кайсы аймактарында ачуу пландары бар. Курулуштун салтанаттуу ачылыш аземине 300гө жакын спортчу катышты.

Ербол Мырзабосынов, Талаа бүркүттөрү жаштар коомдук бирикмесинин мүдүрү:

Жолугушуу аркылуу биз көйгөйлөрдү аныктап, маселелерди чечүү үчүн реформаларды баштайбыз. Көйгөйлөрдү аныктагандан кийин жол картасын чийебиз. Бул ишти өнүктүрүү үчүн баарыбыз чогуу иштейбиз. Ошол максатта “Талаа бүркүттөрү” уюму түзүлгөн. Ал жерде талкуулар жүргүзүлөт. Ар бир өзгөрүүнү өзүбүздөн башташыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков