ДССУ Казакстанда медицинаны өнүктүрүүгө 1,8 миллион доллар бөлөт

ДССУ Казакстанда медицинаны өнүктүрүүгө 1,8 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Казакстандын медицинасын өнүктүрүүгө 1,8 миллион доллар бөлөт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен уюмдун Европалык бюросунун ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул каражат медицина кадрларын окутууга, энелердин, жаңы төрөлгөн наристелердин, балдар менен жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугун сактоого, кургак учук, онкологиялык жана башка да жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө жана башка багыттар үчүн эл аралык уюм тарабынан талдоочулук, техникалык колдоо көрсөтүүгө багытталат. Белгилей кетсек, келишим эки жылга каралган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков