Жаш казакстандык ишкерлерге жыл башынан бери 5 миңден ашык грант берилди

Жаш казакстандык ишкерлерге жыл башынан бери 5 миңден ашык грант берилди

Жеке бизнесин баштаган жаштарды колдоо. Жыл башынан бери өлкөдө бул үчүн 5 миңден ашык грант жана 1,5 миңден ашык микрокредиттер берилди. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов өкмөттүн жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, жаш ишкерлер жылдык 2,5 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыяны сынактын негизинде ала алышат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жаштардын айрымдары мындай мүмкүнчүлүктү билишсе, кээ бирлери билишпейт. Буга байланыштуу мамлекеттик грант же кичи насыяны кантип алуу керектиги боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:             

Бул чаралардын бардыгы элдин турмушун жакшыртууга багытталган. Буга байланыштуу төмөндөгүлөрдү баса белгилегим келет. Биринчи аймактын акимдери облустун калкты иш менен камсыз кылуу картасынын аткарылышын жана кичи насыяларды берүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөөгө тийиш. Жаштардын туруктуу жумушка орношуусуна басым жасоо керек. Экинчиден, Каржы министрлиги Эмгек министрлиги менен биргеликте жаштарга кичи насыя берүү үчүн каражаттарды кайра бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууга тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков