Илимий ыкмаларды өндүрүшкө киргизүүнүн аркасында мында 300 баш бодо мал алынган. Асыл тукум бодо малдардын сырттан алынып келингендерден эч айырмаланбайт. Мындай уникалдуу тажрыйбаны башка да облустардын фермерлери колдонуп жатышат.
Окумуштуулар жасалма уруктандыруунун жардамы менен генетикалык дарамети жогору музоолорду өстүрүп чыгарышат. Бул үчүн фермерлер европалык жана америкалык асыл тукум малдын тоңдурулган биоматериалдарын атайын идиштерде сакташат.
Талгат Сейтеуов, зоотехнология жана селекция кафедрасынын доценти:
- Бул жерде суюк азот -196 градус, азыркы учурда бир жыныстуу уруктар, кош жыныстуу уруктар, сүт багыттары, эт багытындагы эмбриондор бар. Алар 50 жылдан 100 жылга чейин сакталып турат. Эң негизгиси суюк азоттун деңгээли бир калыпта болушу керек.
Окумуштуулар эмбрион учурунда болочок тукумдун жынысын алдын ала айта алышат. Башкача айтканда, зарылчылыкка жараша эт же сүт багытындагы породаларды өстүрөт. Илимий жактан өстүрүлгөн музоолордун кадимки жаш малдан эч айырмасы жок, алардын артыкчылыгы – пайдасында. Бир уй жылына 13000 литрге чейин сүт бере алат.
Кайролла Акажанов, Агроинновация жана биотехнология илимий-изилдөө институтунун мудүрү:
- Малдын этин тирүү кезинде баалайбыз. Бул үчүн биз заманбап УЗИ аппараттарын колдонуп, жаныбарларды сканерлеп, тери астындагы майдын жана омурткалардын ортосундагы булчуңдардын калыңдыгын өлчөйбүз. Андан кийин уйдун этин мраморлоого киришебиз.
Изилдөөчүлөрдүн максаты - импортту алмаштыруу. Азыр Агроинновация жана биотехнология илим-изилдөө институтунун инновациясы Павлодар облусунан башка Караганды жана Костанай аймактарында да ишке ашырылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков