Байыркы согуштук балта табылды

Байыркы согуштук балта табылды

Акмола облусунда салмагы 900 граммдык байыркы согуштук балта табылды. Археологдор аны коло дооруна тиешелүү Андронов маданиятынын калдыгы деп болжолдошууда. 4 миң жылдык тарыхы бар куралды айылдын жанынан тарых мугалими таап, облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейине өткөрүп берген. Учурда баалуу буюм табылган аймак толук изилденип жатат.

Куаныш Шакшаков, Облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү

- Эми бул согуштук балта болгондуктан, эң башкысы ДНК тестин жасоо керек. Башкача айтканда, бул жерде ДНК анализи дегенибиз, мында сакталган кан үлгүлөрү бар экендигин билдирет. Ошол кан үлгүлөрүн алып, бул кан кимге таандык? Адамгабы же жаныбаргабы? Ошондой эле радиокарбондуу жана радиокөмүртектүү анализин жүргүзүү керек.

Археологдордун айтымында, мындай экспонат аймакта буга чейин болгон эмес. Ал эми дал ушундай балталар өлкөнүн Улуттук музейинде жана Орусиянын Челябинск шаарынын музейлеринде гана бар. Эми экспонатка ар тараптуу экспертиза жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков