Жаңы жылдык эски-оюнчуктар көргөзмөсү

Жаңы жылдык эски-оюнчуктар көргөзмөсү

Жаңы жыл алдында Казакстандын аймактарында кызыктуу экспозиция ачылды. Мисал катары, Алматыда эски жаңы жылдык балатыны жасалгалоочу «Өткөн мезгилдин оттору» аттуу көргөзмөнү айтууга болот. Мындан тышкары, коноктор совет доорунда чыгарылган оюнчуктарды гана эмес, өткөн кылымдагы оюнчуктарды да көрө алышат.

Мындан 50 жыл мурун да оюнчуктар жука айнектен, гофрленген кагаздан жана зымдан жасалган. Ошол кездеги бардык технологиялар колдонулган. Бир убакта айнекти жабуу үчүн суюк чопо колдонулган. Оюнчуктар абдан кооз, бирок ошол эле учурда абдан морт. Биздин заманга чейин алардын аз эле бөлүгү сакталып калган. Ал эми эң эски балаты оюнчуктары Виктория дооруна таандык - бул 19-кылымдын 80-жылдары. Заманбап искусство эмгектери да бар. Мисалы, «Апорт» сортунда алма түрүндөгү оюнчуктар. Шаар тургундары ушул жана башка көптөгөн нерселерди үчтүн айынын ортосуна чейин көрө алышат.

Татьяна Кожухова, Өткөн мезгилдин оттору көргөзмөсүнүн уюштуруучусу:

-Ар бир көргөзмө өзүнчө өзгөчө. Ар бир оюнчуктун өзүнүн тарыхы бар. Мисалы, Актөбө коллекциясында сүрөтчү Сергей Кабаковдун фото-сүрөтүнөн жасалган оюнчук бар. Бул анын оюнчуктардагы автопортрети. Башкача айтканда, ал өзүнүн образын ушинтип калтырды. Биз үчүн бул кадимки жаңы жылдык балатынын жасалгасы катары эсептелгени менен, чындыгында бул сүрөтчүгө арналган эстелик.

Ал эми Петропавлда Жаңы жылдык жасалгаларга арналган экспозиция 12 тематикалык композициядан турат. Алардын ар бири совет доорундагы белгилүү бир окуяны чагылдырат. Мисалы бул экспозиция адамдын космоско биринчи учушуна арналган. Уюштуруучулар символикалык түрдө балатыны ракета түрүндө жасашкан.

Юлия Скатова, Н. Погодин атындагы орус драма театрынын гиди:

-Бул мезгилде төөнөгүч менен илинген космонавттар түрүндөгү оюнчуктар пайда болду. Ошондой эле планеталар, комета түрүндөгү шарлар, буга кошумча айнек түтүкчөлөр - стеклярустар жасалды. Каркастар биздин цехте жасалат. Алар ушундай жаңы жылдык балатыны кооздоп, жылтылдакка ороп коюшат. Жылтырак да эски. Ал эми Жомоктор дүйнөсүндө экспозициясында баалуу жана кымбат экспонаттар коюлган. Джанни Родаринин жомогу, ошондой эле Чиполино мультфильми менен көркөм тасма негизинде 8 оюнчук сериясы, бир аздан кийин 12 оюнчук жасалды. Бул Чиполино  кийим кыпчыгычы - эң кымбат оюнчуктардын бири турат.

Көргөзмөдө өткөн кылымдын айыл чарбасынын таңы чагылдырылган. Анда  жаркыраган жашылча-жемиш түрүндөгү оюнчуктар популярдуу болгон. Ошондой эле, алп жасалгалар да бар. Маселен, бул кызгылт көк шар Москвадагы Кызыл аянттагы жаңы жылдык балатыга илинип турган. Көргөзмөдөгү эң эски оюнчук бул 30-жылдардагы куурчак. Ал картон-кагаздан жасалган. Ошондой эле экспозицияда өткөн жылдардагы куттуктоо каттарын жана жарык шамдарды көрүүгө болот. Баалуу үлгүлөрү да коюлган. Жалпысынан көргөзмөдө жаңы жылдык жасалгалардын миңден ашык нускасы орун алган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков