Астанада IRONMAN ASTANA эл аралык мелдеши өттү

Астанада IRONMAN ASTANA эл аралык мелдеши өттү

Борбор калаада 4-ирет уюштурулган салтка айланган сынакта дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 1200гө жакын катышуучу күч сынашты. Алардын 400дөн ашыгы чет элдиктер. Спортчулар толук жана жарым марафон боюнча күч сынашты. Иш-чара спорттук мелдеш гана эмес, ал энергияны арттырып, руханий жактан чыңдалууга шарт түзөт. Маселен, Андрей менен Петр бул мелдешке дыкаттык менен даярданышты.

Андрей Яковлев, мелдештин катышуучусу:

- Мен сүзгөндө Петя кайыкта болду. Кийинчерээк велосипедге тиркелген коляска менен бирге толук аралыкты басып өтөбүз. Ал эми массалык чуркоодо мен арабаны чогуу түртүп, марага бет алабыз. Биз былтыр квалификация сынагынан чогуу өткөнбүз. Эгерде бул талапты аткарбасак, бүгүнкү сынакка катышпай калмакпыз.

Спортчулар адаттагыдай эле алгач Есил дарыясында 4 чакырымга жакын аралыкты сүзүп өтүштү. Кийин 180 километр жолду велосипед менен багындырышты. Акыркы этапты жөө улантып, марага жетүү үчүн 42 чакырым аралыкты басып өтүү керек болду. Ал эми ышкыбоздор арасындагы мелдештин мөөнөтү эки эсеге кыскарды. Башкача айтканда, сууда сүзүү - 1,9, велосипед тебүү - 90 жана чуркоо - 21 километрден ашпады.

Бул жолу да ардагер спортчулардын катары калың болду. Жалпысынан сынактын эң жаш катышуучусу 18де, эң улуусу 76да. Узак аралыкка бир нече саат токтобой чуркоо чоң чыдамкайлыкты жана машыгууну талап кылат. Негизгиси жаштарга үлгү болуп, сергек жашоого үндөө максатын көздөп жатканын улуу муундун өкүлдөрү айтышат.

БЛИЦ

- Ironmanдын негизги максаты - өзүңдү жеңүү, өзүң менен күрөшүп марага жетүүң жеңиш деп эсептелет. Бул жеңиштерим менен жаштарга үлгү болгум келет. Быйыл алтымыш жашка чыктым.

- Жаш кезимден бери сергек жашоо образын карманып келем. Азыр пенсияга чыккандан кийин бош убактым көп, ушул жарыштардын бирин калтырбаганга аракет кылам. Сынак Казакстанда өтөөрүн укканда дароо катышууну чечтим. Дараметимди сынап, ден соолугумду чыңдоодон тышкары өлкөнү кыдырууну да пландап жатам.

Тактап айтканда, алгачкы келген 30 катышуучу баш оона айынын 26-27 күндөрү Финляндиянын Лахти шаарында VinFast IRONMAN 70.3 жарым аралыкка жарышта өз күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Белгилей кетсек, Казакстандагы масштабдуу иш-чараны көрүү үчүн Индия, Швейцария, Улуу Британия, Италия, Германия, АКШ, Польша сыяктуу өлкөлөрдөн миңдеген туристтер атайын келишкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков