Казакстандык режиссер Камила Норусованын Мен түшүнбөйм аттуу кыска метраждуу тасмасы Кореянын Йечон шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Он мүнөттүк чыгарма интернационалдык үй-бүлөнүн турмушун сүрөттөйт. Сюжет боюнча Казакстандан келген кореялык жаран менен анын жубайы бири-биринин тилин түшүнбөйт. Күндөрдүн биринде түгөйлөр котормо аткарган куракчын сатып алат. Тасмада башкы ролдорду казакстандык студент Аида Азат менен түштүк кореялык Им Жон Мук ойношкон. Белгилей кетсек, Камила Норусова Талгар шаарынын тургуну. Түштүк Кореяда 4 жылдан бери жашайт. Сынакка 11 мамлекеттен 948 тасма катышкан. Баары уюлдук телефонго тартылган.
Камила Норусова, режиссер:
- Фестивалдан кийин көптөгөн режиссёрлор биргелешкен долбоор түзүүнү сунуштап жатышат. Мен эки мамлекетте иштегим келет. Мисалы, мага Казакстандын жаратылышы жагат. Мен өлкөгө барып кино тарткым келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков