Алтын бешик жасаган – чебер

Алтын бешик жасаган – чебер

Чыныгы алтын бешик. Адаттагыдан алда канча жеңил жана кооз. Костанайлык уста Серикбай Оспанов бала үчүн атайын жыгач керебет жасоону чечкен. Алдыдагы убакытта кол өнөрчү бешиктин кураштырма түрүн жасоого аракет кылат.

Серикбай Оспанов, акын, кол өнөрчүлүк чебери:

- Белгилүү окумуштуу Алкей Маргулан айткандай, бир кезде биздин ата -бабаларыбыз бешикти кооздоо үчүн алтын же жалтырак металл буюмдарды колдонушкан. Бир чети бул учурду эске алдым. ошондой эле бул металл экологиялык жактан таза келет. Алюминий зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт. Анын салмагы да жеңил болот.

Серикбай Оспанов жыгачтан түрдүү буюмдарды жасоо менен кырк жылдан бери алектенип келет. Ал негизинен домбра жана бешик жасайт. Чебер ар бир эмгегине уникалдуу мазмун берүүгө аракет кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков