Кан рагы илдетин дарылоонун өзгөчө ыкмасын үйрөнүү

Кан рагы илдетин дарылоонун өзгөчө ыкмасын үйрөнүү

Казакстанда кан рагы менен күрөшүүнүн жаңы технологиясы киргизилет. Бул CAR-T терапиясы деп аталат. Бүгүнкү күндө жаңы технология Америка, Кытай, Сингапур, Жапония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө кан рагын дарылоодо, натыйжасын бере баштаган. КМШ өлкөлөрүнүн арасында дарылоонун аталган түрү Орусияда, Балдардын гематология борборунда гана колдонулат. Бул ыкмага ылайык, бейтаптын клеткалык материалы иштетилип, рак клеткаларын аныктоочу жана жок кылуучу рецепторлор алынат. Бул технология залалдуу шишиктин акыркы стадиясындагы бейтаптарга колдонулган учурда, алардын 50%ы, ал эми алгачкы стадиясында 95%ы  илдеттен айыгып кетиши мүмкүн.

Ерлан Раманкулов, Улуттук биотехнология борборунун мүдүрү:

Залалдуу шишик – көп кырдуу оору. Ошондуктан, онкологиялык оорулар үчүн конкреттүү дары жок. Жана бул карта технологиясы чындыгында чоң жаңылык. Бул ар бир бейтапка хомосапиенс катары эмес, анын генине, структурасынын схемаларына, жалпы кан рагына карап жекече дары жасоо ыкмасы.

Белгилей кетсек, учурда казакстандык окумуштуулар экинчи жыл катары менен жаңы технологиянын клиникалык сыноолорун өткөрүүдө. Бул ыкманы өздөштүрүү үчүн окумуштуулар Лондондо окуп, билимдерин өркүндөтүшкөн. Ал эми 2023-жылдын аягына чейин дарыгерлердин алдында, бул дарылоону алты эксперименталдык бейтапка сыноо милдети турат. Андан кийин акырындык менен дарылоо ыкмасын киргизүү башталат. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча кан рагы диагнозу менен жети миңге жакын бейтап каттоодо турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков