Казакстандын кино тармагынын эки тасмасы Францияда прокатка чыгат. Жергиликтүү коомдун назарына “Адемоканы окутуу” драмасы менен “Бороон” триллери сунушталууда. Кош тасманын режиссёру Адилхан Ержанов.
Алгачкы ата мекендик тасма өз кыялын ишке ашыруу үчүн билим алууну максат кылган эмигрант кыз тууралуу баяндайт. Ал эми экинчи лентадагы окуялар желеси айылдагы мектепте өтөт. Ал жерде белгисиз топ окуучуларды барымтага алат. Белгилей кетсек, бул драма бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Көрсөтүүнүн уюштуруучулары казак режиссёрунун жаңы чыгармалары француз кино сүйүүчүлөрүнүн көңүлүнөн чыгарына ишенишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков