Жаңы окуу жылында казакстандык окуучулар мектепте окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов өкмөттүн жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, ата-энеси же өзүлөрү коронавирус менен ооруган окуучулар убактылуу аралыктан билим алышат.
Асхат Аймагамбетов, РКнын Билим берүү жана илими министри:
- Бала бакчалар 20-25 баладан турган топтордо штаттык режимде иштейт. Мектептерде 1-11-класстарды окутуу санитардык чектөөлөрдү сактоо менен, салттуу форматта жүргүзүлөт, буга катар колледждер жана жогорку окуу жайлардын студенттерин штаттык режимде окутуу сунушталат. Албетте, биз ата-энелер же коронавирус менен ооруган билим алуучуларга жана саламаттыгы боюнча тобокел топторго кирген билим алуучуларга убактылуу аралыктан окутуу форматы боюнча билим алууну уюштурабыз.
Учурда аймактардагы билим берүү мекемелеринде даярдыктар жүрүп жатат. Шаардын мектептерине санитардык көзөмөл күчөтүлүп, дезинфекциялоочу жабдуу орнотулат. Ошондой эле, негизги талаптардын бири – ишке «Ачык» системасы аркылуу кирүү. Бул талап мугалимдерге гана эмес, мектеп кызматкерлерине жана ата-энелерге да тиешелүү болот.
Жанар Нысанбаева, Шымкент шаары №24 мектеп-лицейинин мүдүрү:
- Антисептиктин, суюк самындын болушу шарт, эшик алдында биздин медайым иштеп жатат. Дене табын өлчөө, ачык аянттын болуусу, Ачык долбоору боюнча мектеп мугалими болсун, ата-эне болсун, аларды киргизүү, материалдык техникалык базанын бекемделиши - бул биздин мектептин толугу менен иш баштоого даяр экенинен кабар берет.
Белгилей кетсек, жумушка вакцина алган мугалимдер гана жиберилет. Азыркы учурда мугалимдердин 93 пайыздан ашыгы эмдөөдөн өткөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков