Быйыл Түндүк Казакстан облусунда 3 миллиондон ашык кайың жана карагай отургузулду. Көчөттөр эки жылдай өстүрүлгөн. Аймакта жаратылыш байлыктарын көбөйтүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатат. Экологдордун айтымында, бул абдан маанилүү. Жашыл өсүмдүк «планетанын өпкөсү» деп бекеринен айтылган эмес. Алар көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтек бөлүп гана тим болбостон, климаттын өзгөрүшүнө да оң таасирин тийгизет. Жаратылыш ресурстары департаментинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары облуста токойлордун аянты 10 миң гектарга көбөйгөн.
Василий Лобанчук, Жаратылыш ресурстары жана табиятты пайдаланууну жөнгө салуу башкармасы бөлүмүнүн башчысы:
- Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен токой өстүрүү аянтын бир топ көбөйттүк. Быйыл 850 гектар жерге бак отургузганбыз, келерки жылы бул көлөм 1700 гектарга чейин көбөйөт. Мунун натыйжасында беш жылда 20 миң гектар аянтка 100 миллион түп кайың жана карагайдын көчөттөрүн отургузууну мерчемдеп жатабыз.
Тимур Зверяченко, М.Козыбаев атындагы СКМУ доценти:
- Токойлор климатка жакшы таасирин тийгизет. Биринчиден, топуракты кургаткан шамалды азайтат. Нымды сактоого жана чогултууга мүмкүндүк берет. Жада калса ошол жердин тегерегине токой отургузуунун да таасири чоң. Нур-Султандагы токой тилкеси ушул максатта тигилген. Климатты жөнгө салууда токойлордун ролу өзгөчө. Негизгиси - нымдуулукту сактоо, ным чогултуу, жер үстүндөгү шамалды азайтуу. Токойдун бул касиеттери, менимче, биздин талаа климатында абдан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков