Иш-чаранын алдында Конго Демократиялык Республикасына катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү чогулушту. Жыйында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бир катар билдирүүлөрдү жасады. Ал белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чаралары натыйжа бербей жатат деди. Ал эми чоң жыйырмалыктын өлкөлөрү өз милдеттенмелерин жарым-жартылай, кечигүү менен аткарышат. Башкы катчы ошондой эле эл аралык каржы институттарын бизнес моделдерин кайра карап чыгууга чакырды. Жолугушуунун башка катышуучулары да өнүккөн өлкөлөргө кайрылуу жасашты. Маалыматтарга таянсак, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү 100 миллиард доллар өлчөмүндө каржылоо боюнча милдеттенме аткарылбай жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков