Касым-Жомарт Токаев Маданият жана спорт министрин кабыл алды. Жооптуу тармакта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген Даурен Абаев айрым категориядагы жарандардын кирешесин жогорулатуу боюнча чаралар көрүлгөнүн билдирди. Тактап айтканда, быйылкы жылы маданият, искусство жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Жолугушууда китептерди басып чыгаруу, архивдерди модернизациялоо жана санариптештирүү маселеси талкууланды. Ошондой эле, казакстандык спортчулардын ири эл аралык мелдештерге жана 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына даярдыгы өзүнчө каралды. Мамлекет башчы министрликке массалык жана балдар спортун өнүктүрүү, улуттук маданиятты кеңири жайылтуу боюнча бир катар милдеттерди жүктөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков