Жамбыл облусунда дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү башталды. Быйыл аба ырайы жакшы болуп, түшүм жакшы чыккан. Кордай районунда 70 миң гектарга жакын жүгөрү эгилген. Анын көбү - арпа. Бүгүнкү күндө дыйкандар ар гектардан 35 центнерге чейин түшүм алууда.
Дүйсенхан Онгелдиев, дыйкан:
- 4 миң гектарга жакын жер бар. Анын миң гектары күздүк буудай. 500—600 гектар — арпа. «Айдын» супер элита сорту. Бул үрөндөрдү 4 жыл мурун сепкем, бирок алар эскирип, мөөнөтү өтүп калгандыктан, көбөйтүү максатында жаңылап жатабыз.
Сейткарим Калтаев, Казак эгинчилик жана өсүмдүк чарбачылыгы илимий изилдөө институтунун билим таратуу жана илимий жетишкендиктерди өндүрүшкө кошуу борборунун жетекчиси:
- Башка сорттордон айырмасы күздүк болуусунда. Башкача айтканда, күзүндө эгилет. Бир түйүндөн 5-7 сабак алууга болот. Талаалардан жылына орто эсеп менен 75 центнерден түшүм алабыз. Бул жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Ошондой эле, түшүм жыйноодо алар жатып эмес ыңгайлуу түрдө бир кылка болуп турат.
Айыл чарбасында сугат суу маселеси абдан маанилүү. Азыр дыйкандар тамчылатып сугаруу технологиясына өтүп жатышат. Бул ыкма сууну үч эсе көп үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Маден Мусаев, Кордай районунун акими:
- Дыйкандар үчүн абдан жакшы жыл болду. Акыркы эки жыл кургакчыл болгон эле. Быйыл чөп, буудай, арпа жакшы себилди. Изилдөөчүлөр себүү учурунда баарын байкап, оруп-жыюу маалында бул үрөөндөрдүн ушул Кордай жергесинде кантип тамыр жайып жатканын көрүп, байкап турушат.
Жалпысынан облус боюнча үч жүз алтымыш миң гектардан ашык жерге арпа, буудай эгилген. Акыркыларын жыйноо ушул аптада башталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков