Европа Биримдиги Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүүгө инвестиция салууну пландоодо. Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаев Актауда өтүп жаткан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди. Министрдин айтымында, бул коридор аркылуу быйыл 10 айда 1,5 миллион тоннага жакын жүк ташылган, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге көп. Казакстан тарап эл аралык каттамдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга кызыкдар. Ошол эле учурда контейнердик паркты жана жеке паромдук паркты толуктоо, чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери каралууда.
Кайырбек Ускенбаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
Казакстан өз тарабынан ишке киришти. Премьер-министр бир жума мурун жалпы узундугу 386 чакырымды түзгөн “Достук-Мойынты” темир жолунун жаңы тилкесинин курулушун баштоо аземине катышкан. Учурда Кытайдан көбүрөөк жүк ташып келүү үчүн үчүнчү чек ара бекетин ачуунун үстүндө иш алып баруудабыз. Натыйжада 20 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз. Учурда Актау портунда паромдорду, танкерлерди жана инфраструктураны куруу программасы иштелип жатат.
Белгилей кетсек, эл аралык жыйынга Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери жана транспорт маселелерине жооптуу министрликтердин жетекчилери катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков