Казакстанда туризмдин жаңы өнөр жай деген түрү өнүгүп жатат

Казакстанда туризмдин жаңы өнөр жай деген түрү өнүгүп жатат

Казакстанда туризмдин жаңы – өнөр жай делген түрү өнүгүп жатат. Ал чет элдик коноктордун арасында популярдуу боло баштады. Маселен, Шымкентке келгендер килем фабрикаларынын өндүрүш технологиясы менен тааныша алышат. Ошондой эле чебердин ролунда өздөрүн сынап көрүшөт.

Ахмет Гюль, турист:

- Мындай саякат мен үчүн кызыктуу. Мисалы, Түркияда текстиль өндүрүшү жакшы өнүккөн. А сиздерде башка тарабы.

Ишкананын жетекчилиги конокторду тосуп алууга кылдаттык менен даярданып, маршрутту иштеп чыгышканын белгилешет. Бул жерде алар туристтерди кабыл алууга даяр - азырынча айына бир жолу. Мындан тышкары саякатчылар кондитер фабрикаларына, трансформаторлорду жана суусундуктарды чыгаруучу заводго барышат. Коноктор эмнени көрүп, кайда барууну өздөрү тандашат. Бул жагынан аларга технологдор жардам беришет, алар гид катары иштешет. Туризм департаменти өнөр жай ишканаларынын тизмеси көбөйөрүн айтууда. Бул багыт келечектүү деп эсептелет. Ал эми ишкерлердин өздөрү үчүн бул алардын бренддерин жана өнүмдөрүн илгерилетүү мүмкүнчүлүгү.

Ерлан Кыдыров, Шымкент шаарынын туризм жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы:

- Биздин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырабыз. Ал жактан маалымат алышат, өндүрүштү башынан аягына чейин кыдырышат. Туристтер буга кызыкдар, анткени биздин шаарда, өлкөбүздө гана бар уникалдуу долбоорлорубуз жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, быйыл Шымкентте туристтердин агымы кескин көбөйгөн. Жыл башынан бери шаарга үч жүз жыйырма бир миң мейман келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков