ЮНЕСКО Казакстандын этно маданий диалогду сактоо багытындагы кызматын жогору баалады

ЮНЕСКО Казакстандын этно маданий диалогду сактоо багытындагы кызматын жогору баалады

Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-кеңсесинде Казакстан элдери Ассамблеясынын улуттар аралык биримдикти чыңдоого багытталган иш-чаралары көрсөтүлдү. Жаштар арасында маданият аралык диалогду колдоо боюнча өлкөнүн алдыңкы тажрыйбасы көрсөтүлдү. Иш-чара ата мекендик коомдук ынтымак институтунун 30 жылдыгына арналды. Жыйында ЮНЕСКОнун башкы мүдүрүнүн орун басары Лидия Артур Брито казакстандык түзүмдөрдү долбоорлорго жигердүү катышууга чакырды. Тараптар эки уюмдун миссиясы гуманитардык ишмердүүлүк аркылуу тынчтык жана өнүгүү идеяларын жайылтуу экенин белгилешти. Учурда өлкөнүн «Жаштар ассамблеясы» ЮНЕСКОнун дүйнөлүк жаштар коомчулугуна кошулууга даярданууда.

Линда Тинио-Ле Дуарин, ЮНЕСКОнун инклюзия, укуктар жана маданият аралык диалог бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары:

- Казакстан элдери Ассамблеясы биз үчүн абдан маанилүү. Ассамблеянын жергиликтүү жерлердеги иши жемиштүү жана натыйжалуу. ЮНЕСКО бул программаларды көрүнүктүү кылуу жана Казакстанда, өзгөчө жаштардын демилгелери жаатындагы мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн ортомчу катары иш алып барат.  Биз башка мамлекеттерге жана өнөктөштөргө жакшы үлгү көрсөтүү үчүн тыгыз иштешүүгө ниеттенип жатабыз.

Марат Азилханов, Казакстан калкы Ассамблеясы төрагасынын орун басары:

- Көптөгөн жерлерде бүгүнкү күндө ЮНЕСКО менен Ассамблеянын миссиялары абдан окшош жана жакын экени айтылып жатат. Эң негизгиси, маданият аралык диалог, адамдардын мамилеси, басмырлоого каршы чаралар тууралуу, жетекчилик, серепчилер жана коноктор менен талкуулар болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков