Ядролук сыноо полигон аймагы толук изилденди

Ядролук сыноо полигон аймагы толук изилденди

Семейде ядролук жарылуу болгон полигон аймагынын жарымы коопсуз. Бүгүнкү күндө радиоэкологиялык изилдөөлөрдүн комплекстүү планы боюнча 18 миң чарчы метрден ашык жер текшерилип бүттү. Мурда ядролук сыноо полигону болгон аймакты 13 жылдан бери 2 миңден ашык адис изилдеп чыккан. Алдыңкы жабдуулар жана лабораториялар менен жабдылган методикалык база окумуштууларга жардам берди.

Асан Айдарханов, Радиациялык коопсуздук жана экология институту филиалынын мүдүрү:

- Бул биз үчүн оңой болгон жок. Башында изилдөөнүн эч кандай ыкмаларына таяна алган жокпуз. Кийин илимий негизин жаздык. Натыйжада полигондун аймагы толук булганбаганын далилдеп чыктык. Алардын жарымы радиоактивдүү заттар менен ууланган эмес. Башкача айтканда, тиричиликке ылайыктуу.

Мындан тышкары, ядролук полигондун 9 миңден ашык чарчы метр аймагы булганган.

Асан Айдарханов, Радиациялык коопсуздук жана экология институту филиалынын мүдүрү:

- Чаган дарыясы эң булганган суу болуп саналат. Суу булагы атом көлүнөн башталат.

Алдыда аткарыла турган иштер көп. Полигон аймагын туруктуу көзөмөлгө алуу, коопсуз жерлерди ишке киргизүү багытында иштер улантылат. Маалым болгондой, былтыр Парламент Мажилисинде Семей ядролук коопсуздук зонасы жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган. Документ Семей полигонунун жерлерин пайдаланууга, анын аймагын калыбына келтирүүгө жана өлкөнүн илимий дараметин өнүктүрүү маселесинде көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков