Алматы апорту эл аралык брендге айланышы мүмкүн. Өлкөнүн алма өстүрүүчүлөр ассоциациясы ал үчүн керектүү каттоо документтерин чогултту. Бардык материалдар Францияга, Польшага, Испанияга жана Орусияга жөнөтүлөт. Бул келечекте казак алмасынын келип чыгышы жана сапатын чет өлкөлөрдө коргоого, жогоруда аталган мамлекеттерге экспорттоого мүмкүндүк берет. Эске сала кетсек, тогуздун айынын 13дө мөмө-жемиштин бул түрү улуттук макамга ээ болуп, ата мекендик өнүм катары расмий каттоодон өткөн. Мунун аркасында Алматы апорту эми казак бренди катары чет өлкөлөрдө таанылат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн географиялык көрсөткүчтөрүнүн мамлекеттик реестринде «TURKISTAN» шоколады жана балмуздагы, ошондой эле Караганды балмуздагы катталган.
Талгат Уали,
Адилет министрлиги департаментинин мүдүрү:
- Учурда Алматы апортун
бренд катары таануу жана дүйнөлүк рынокто келип чыгышы Казакстан экендигин
далилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул абдан масштабдуу иш. Маселен, ушул тапта Алма
өстүрүүчүлөр ассоциациясы алма Казакстандан келип чыкканын таануу боюнча биздин
Улуттук интеллектуалдык менчик институтуна арыз берди. Бул документ бекитилди.
Эми ошонун негизинде алма өстүрүүчүлөр ассоциациясынын курамына кирген, жалпы
эле алма өстүрүү менен алектенген чарбалар чет өлкөдө кайсы мамлекетте соода
кылууну каалагандардын тизмесин Улуттук интеллектуалдык менчик институтуна
бериши керек. Ошол документтин жана тизменин негизинде Юстиция министрлиги ал
мамлекеттердеги Алматы апортунун укугун коргойт.
Казакстандын Юстиция министрлиги апорттон тышкары кымыз, көже жана курут өңдүү казак элинин улуттук тамак-ашын патенттөөнүн үстүндө иш жүргүзүүдө. Жалпысынан Казакстанда интеллектуалдык менчик тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул багытта объектилерди каттоонун улуттук системасы өркүндөтүлүп жатат. Мындан тышкары кызматтар санарипке өтүп, эл аралык кызматташтыктын чөйрөсү кеңейип келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков