Каспий куур консорциумундагы иштебей калган причалдардын бири калыбына келтирилет. Бул тууралуу Энергетика министри Болат Акшолаков Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде билдирди. Бул мунай ташууну бир кыйла турукташтырат. Калган эки причал 2-3 жумада оңдоодон өткөрүлөт. Эске салсак, Кара деңизде болгон бороондун кесепетинен консорциумдун 3-причалы аварияга учураган. Иликтөө жүргүзүү үчүн адистер бардык 3 причалдын ишин токтотуу чечимин кабыл алышкан.
Болат Акшолаков, Казакстандын Энергетика министри:
- Өлкөбүздүн кен жайлары бир нече күн резервуардык паркка иштей алат. Эгерде Новороссийск портундагы причалдын ремонту узакка созулса, анда 3 ири кен жайында мунай өндүрүшү бир кыйла азаят. Биз Каспий куур консорциумундагы кесиптештерибиз менен сүйлөшүп, причалдардын бири бүгүн ишке кирерин билдик. Эми алдыңкы 2-3 жумада калган аппараттар иштей баштайт деген ишенимдебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков