Бул 2021-жылга салыштырмалуу 17%га көп. Аталган көрсөткүчтөр тууралуу Жарандык авиация комитети билдирди. Тиешелүү мекеменин маалыматына караганда, өткөн жылы республиканын аэропорттору 22 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлеген. Анын 7 миллиону Алматыга, 6 миллиону борборго калаага таандык. Буга кошумча Комитет транзиттик жүргүнчүлөрдүн агымы бир топ кыскарганын белгиледи. Ошентип, 2022-жылы транспорт "пандемияга чейинки мезгилге" караганда бир нече эсе төмөн болгон.
Талгат Ластаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин жарандык авиация комитетинин төрагасы:
- Транзиттик жүргүнчүлөр да көбөйүүдө. Өткөн жылы көрсөткүчтөр пандемияга чейинки деңгээлге жете элек. Пандемияга чейин, эсиңиздерде болсо, бизде миллиондон ашык транзиттик жүргүнчүлөр болгон. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 200 миңге жакын жүргүнчү катталды. Бирок өсүү көрсөткүчү жогору. Эл аралык каттамдар азыр ачык. Жаңы каттамдардын ичинен Анкара былтыр ачылган, тактап айтканда Стамбулга салттуу түрдө учууга болот. Биз дагы географиябызды кеңейтип жатабыз. Бодрум да туристтер үчүн ачык. Башкача айтканда, өсүү дарамети бар жана жогоруда айтылгандардын баарын эске алуу менен өлкөбүз ачык асман режимин дагы 5 жылга узартты.
Талгат Ластаевдин айтымында, жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү менен бирге өлкөнүн негизги аба түйүндөрүнө, Астана жана Алматы аэропортторунун жүктөмү да артты. Ошондуктан анда республиканын башка аэропорттору сыяктуу эле реконструкциядан өтүүгө тийиш. Маселен, Алматы аэропорту эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн кеңейтилүүдө, атап айтканда, жаңы терминал курулууда. 200 миллион долларлык долбоорду кулжа айынын 24дө бүтүрүү көздөлгөн.
Талгат Ластаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин жарандык авиация комитетинин төрагасы:
- Ошол эле учурда Шымкент аэропортунун терминалын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат, аны жакын арада бүтүрүүнү мерчемдеп жатабыз. Мындан тышкары, жеке каражат менен Кызылорда шаарындагы аэропорттун терминалын оңдоп баштадык. Быйыл Костанай аэропортунун терминалын, ошондой эле Астана аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо мерчемделүүдө. Биз бардык оңдоо иштерин жүргүзүү менен аба транспортуна өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууну максат кылып жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков