Президенттик шайлоодо 8 миллион 299 миңден ашуун адам добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын брифингинде белгилүү болду. Борбор калаанын убакыты боюнча саат 22.00гө карата шайлоого калктын 69,43% пайызы катышты. Аймактар арасында эң жогорку активдүүлүк Кызылорда, Жетису, Абай жана Түркестан облустарында катталды. Калктын 80 пайыздан ашыгы аталган аймактарда өз тандоосун жасаган. Мегаполистин жашоочуларынын шайлоого келүүсү адаттагыдай аз болду. Шайлоочулардын саны боюнча төмөнкү көрсөткүч Алматыда катталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков