Өлкөдөгү көтөрүлүштүн натыйжасында чакан жана орто бизнеске келтирилген зыян 104 миллиард теңгени түздү. Бул тууралуу Атамекен Улуттук ишкерлер палатасы билдирди. Казакстандын 11 облусунда 1615 жапа чеккен субъект катталган, эң көп жабыркагандар алматылык ишкерлер болгон. Бул жерде 1500дөн ашык чыгымга учураган ишкер катталган. Полиция кызматкерлери келтирилген зыянды каттагандан кийин көптөгөн ишканалар бутиктерин, дүкөндөрүн жана башка объектилерин калыбына келтирүүгө киришти.
Сергей Иванов, Соода борборунун мүдүрү:
- Көрүнүп тургандай, биз терезелерди, текчелерди калыбына келтирип жатабыз. Ар бир адамдын үй-бүлөсү ар башка. Алардын карыздары же насыялары бар. Мунун баарын төлөш керек. Андыктан, мамлекеттик органдардын уруксаты менен ишкерлер өз ишин баштаганы жакшы. Азырынча келтирилген зыянды видеого тартып алдык. Бул бизге тазалоо иштерин баштап, калыбына келтирүүнү улантууга мүмкүндүк берет.
«Атамекен» Ишкерлер палатасынын чыгымдарды баалоо эрежесине ылайык, бизнесмендер infokazakhstan.kz сайтына кирип, сүрөт жана видео менен арыз калтырышы керек. Ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн көрсөтүү зарыл. Андан кийин гана аларга баалоочулар менен комиссия барат.
Максим Барышев, Алматы ишкерлер палатасы аймактык кеңешинин төрагасы:
- Бул Казакстандын Баалоочулар палатасынын лицензиясы бар кызмат адамдары. Учурда серепчилердин баалоо методологиясы бар. Өз кезегинде бул ыкма Украина менен Кыргызстандагы ушундай баш аламандыктарда колдонулган. Финансылык жоготуулар тастыкталгандан кийин аталган ишкерлерге бардык керектүү документтер тапшырылып, сумма фонддон төлөнүп берилет.
Жабыркаган ишкерлерди колдоо үчүн фондго миллиард теңгеге жакын каражат түшкөн. Фонд казакстандык ишкерлердин демилгеси менен ачылган. Атамекен Улуттук палатасы бул ишке каалаган адам катыша ала турганын билдирди. Бардык каражаттын келип түшкөндүгү тууралуу маалыматтар
коомдук доменде жарыяланат. Өз кезегинде Фонддун 30 ишкерден турган Байкоочу кеңеши ар бир сумманын бирдей бөлүштүрүлүшүн тыкыр көзөмөлгө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков