Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын оору белгилери тизмесине COVID-19 вирусунун тогуз жаңы белгилери киргизилди. Коронавирустун дагы үч симптому, мисалы, алгачкы дене табынын көтөрүлүшү, туруктуу жөтөл, даам жана жыттын жоголушу сыяктуу үч белгисине эми энтигүү, чарчоо, баш оору, мурундун бүтүшү жана табиттин жоголушу кошулду. Башкача айтканда, белгилери суук тийүү же сасык тумоого окшош болот. Улуу Британия окумуштуулары аталган тизмени кеңейтүү инфекциянын жайылышын азайтууга жардам берерин белгиледи. Ал жакта коронавирус жуктургандардын саны боюнча жаңы рекорд катталды. Бир жуманын ичинде 5 миллионго жакын адам аталган илдетке чалдыккан. Улуттук статистикалык агенттиктин маалыматы боюнча, вирус азыр ар бир 13-британиялыкта аныкталууда. Дарыгерлер коронавируска чалдыккандардын санынын кескин көбөйүшүн инфекциялык омикрон штаммынын кеңири таралышы менен байланыштырып жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков