Казакстанда акыркы суткада инфекциянын 12 жаңы учуру аныкталды. Бейтаптар борбор калаа Нур-Султан жана Алматы шаарында, Чыгыш Казакстан облусунда катталган. Учурда 2 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатат. Алардын 212си ооруканада. Вакцинанын эки компоненти менен 9 миллион 198 миңден ашык казакстандык эмдөөдөн өттү. Ревакцинация алгандардын саны 3 миллион 502 миңден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков