COVID-19: Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырууда

COVID-19: Казакстанда эпидемиологиялык абал жакшырууда

Казакстан COVID-19 вирусунун жайылышы боюнча «жашыл» аймакта. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жакшырууда. Ошентип, COVID илдети боюнча борбор калаа гана «кызыл» зонада кала берүүдө. Коронавирустук инфекциянын жаңы учурларына токтолсок, соңку аптада өлкөдө алардын саны 16%га чейин азайган. Вирустун репродуктивдик индекси 0,9%ды түзөт. Инфекциялык жана жандандыруу бөлүмдөрүндөгү жүктөм төмөндөөдө. Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин кошумча чараларды көрүүнү тапшырды. Ал эми борбор калаанын акимчилигине эпидемиологиялык чараларды сактоого жана калкты вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы жүктөлдү.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Беткап тагынуу режими сакталат, айрыкча имарат ичинде. Мониторинг топтору ишин күчөтсүн. Белгилүү болгондой, коңшу мамлекеттерде илдеттин көбөйүшү байкалууда, андыктан кошумча алдын алуу чараларын көрүү керек. Биринчи кезекте, бул эмдөө менен камтууну көбөйтүү. Вакцинацияны мындан ары кеңейтүү жана күнүмдүк норманы максималдуу көбөйтүү зарыл.

Буга кошумча, Премьер-министр «Ashyq» тиркемесин колдонууну жайылтуу жана калкты эмдөөгө үндөө тапшырмасын берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков