Мамлекет менен бизнестин эффективдүү интеграциясы. Акыркы беш жылда борбордо 16 долбоорду ишке ашырууга 60 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды. Алардын 11 миллиарддан ашыгы чет өлкөлүк капиталдык салымдар болуп саналат. Бул тууралуу Astana Invest компаниясынын өкүлү Нурбол Алтаев билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдан тарта борбордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 7 объекттин курулушу мерчемделүүдө. Алардын көбү билим берүү тармагындагы долбоорлор, тактап айтканда, шаарда жаңы форматтагы инновациялык мектептер курулат.
Нурбол Алтаев, «Astana Invest» МЖӨ Департаментинин мүдүрү:
- Бүгүнкү күндө 5 мектеп куруу боюнча келишим түзүлүп, мунун аркасында окуучулардын орун тартыштыгы 20 миң орунга кыскарды. Учурда дагы бир мектеп куруу боюнча келишим түзүлүп жатат, жыл аягына чейин чечилет деген үмүттөбүз. Натыйжада мектептердин саны 6га жетет. Ушул жылдын аяк оона айында бир мектеп ачылды, жыл аягына чейин дагы үч мектеп ачылат деп күтүлүүдө. Бул университеттердин артыкчылыгы – анда физика, математика, химия предметтерине басым жасалып, мугалимдер жана окуучуларга арналган коворкинг борборлору, робототехника жана нанотехнология лабораториялары бар.
Жалпысынан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан бери өлкөдө жалпы суммасы 1,2 триллион теңгеге жакын бир миң үч жүздөн ашык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылган. Билим берүүдөн сырткары медицина, маданият жана спорт, өндүрүш, айыл чарба, энергетика жана турак жай-коммуналдык чарба, ошондой эле транспорт жана инфраструктура, финансы жана камсыздандыруу тармактары камтылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков