2022-жылы балдар ийгилигинин казакстандык индекси киргизилет

2022-жылы балдар ийгилигинин казакстандык индекси киргизилет

Өлкөдөгү ар бир баланын укугунун сакталышы, корголушу жана балалык чагы толук камкордукка алынышы керек. Кийинки жылы Казакстанда мындай артыкчылыктарды камсыз кылууга багытталган Казакстандын балдарын коргоо индекси киргизилет. Бул сунуш Өкмөттүн кезектеги жыйынында колдоо тапты. Көрсөткүч эл аралык талаптарды эске алуу менен бардык маанилүү тармактарды камтыйт: өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык жактан камсыз кылуу. Премьер-министр Аскар Мамин бул индекстин жардамы менен мамлекеттик органдарда балдардын абалын жакшыртуу боюнча иштин канчалык натыйжалуу аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөөгө боло турганын эскертти.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Билим берүү мекемелеринде, көчөдө, эс алууда балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керек. Белгилүү болгондой, Мамлекет башчысы окутуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө кырдаалдарда мугалимдердин жана балдардын иш-аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгууну тапшырды. Буга байланыштуу Билим берүү, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтерине, облустук акимчиликтерге 2 жуманын ичинде билим берүү жана мектептен тышкаркы билим берүүдө тиешелүү коопсуздук инфраструктурасын камсыз кылуу боюнча Жол картасын иштеп чыгууну тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков