2023-жылы Казакстанда акылуу мергенчилик башталышы мүмкүн

2023-жылы Казакстанда акылуу мергенчилик башталышы мүмкүн

Казакстанда бөкөндөрдүн санын азайтуунун жолу ушул жылдын тогуздун айында чечилет. Бул тууралуу экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри билдирди. Сериккали Брекешовдун айтымында, коомчулуктан түшкөн сунуштар кылдаттык менен каралып жатат.

Сериккали Брекешов, Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстар министри:  

- Маселен, адамдар бөкөндөрдү атпай, башка аймактарга мажбурлап көчүрүүнү сунушташкан. Тилекке каршы, илимий коомчулук бул ыкманы натыйжасыз - деп атады, анткени мажбурлап кууп жибергенде өлүп калуу коркунучу жогору жана тарыхый мекенине кайтып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул сунуш четке кагылды.

Министрдин айтымында, келечекте бөкөндөргө зыян келтирбей изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул үчүн 500 баш бөкөн тирүүлөй кармалат. Талдоочулук иштерден кийин жаныбарлар кайра жаратылышка коё берилет. Ошондой эле, акылуу аңчылык кылууга уруксат берүү маселеси каралып жатат.

Сериккали Брекешов, Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстар министри:   

- Биз келээрки жылы спорттук ышкыбоздукту уюштурууну ойлонуштуруп жатабыз. Бул акы төлөнүүчү аңчылык болот. Негизи буга чейин  бөкөндөрдү Кызыл китепке кирбейт деп айтканбыз. Азыркы учурда аны атууга болбойт. Ага аңчылык кылууга тыюу салуу 2023-жылдын үчтүн айына чейин.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков