Казакстанда элдердин биримдик күнү белгиленди. Өлкө
боюнча майрамдык иш – чаралар-концерттер, элдик чеберлердин жармаңкелери,
спорттук мелдештер болуп өттү. Борбор калаада бугу айынын 1 жана Казакстан
элдери Ассамбелясынын 30 жылдыгынын урматына республикалык массалык «Биримдик
жарышы» чуркоо болуп өттү.
Геннадий Шиповских, Парламент Сенатынын депутаты:
- Эң башкысы, бул долбоор бизде жылдан жылга өнүгүп келе
жатат. Жыл өткөн сайын бизге астаналыктар гана эмес, Казакстан боюнча да
катышуучулар көбөйүүдө.
Борбор калаада чыгармачылык көргөзмөлөр болуп өттү.
Алардын бири этномаданий бирикмелер тарабынан даярдалган астаналыктарды жана
шаар конокторун улуттук каада-салттардын бай мурасы менен бир түндүктүн астында
ынтымакта жашаган этностордун маданияты менен тааныштырды. Бул жерде ар бир
маданияттын байлыгын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган көркөм кол өнөрчүлүк,
символдор жана атрибуттар көрсөтүлдү.
- Тарыхыбызды, маданиятыбызды, тилибизди баалайбыз,
Казакстандын немецтери дос казак жеринде гүлдөп-өсүүдө.
- Көргөзмө - биздин кол өнөрчүлүк жана эмгектер. Башкача
айтканда, биздин жамааттын кыздары өздөрү токуп, тигишкен. 120 жыл мурун
токулган бул жоолук бүгүнкү күндө баалуу экспонатка айланды.
Чыгармачыл топтордун концерттери да өттү. Алар музыканы
гана эмес, бий номерлерин да сунушташты.
Ислам Байрамов, Астана шаарындагы Азербайжан этно маданий
«Хазар» бирикмесинин жаштар канатынын төрагасы:
- Биз бугу айынын 1де, ар дайым, биздин күчүбүз
биримдигибизде экендигинин маанилүүлүгүн эстейбиз. Казакстан – ар бир этникалык
топ өзүн сыймыктануу менен көрсөтө алган, өзүнүн салттарын, маданиятын,
үрп-адаттарын сактап, өз тилинде сүйлөп, ошол эле учурда өзүн ыңгайлуу сезе
алган көп улуттуу өлкө.
Майрамдын аягында чоң концерт болду. Көрүүчүлөр аткаруучуларды дүркүрөгөн кол чабуулар менен жылуу тосуп алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

