Казакстанда айыл чарбасын көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмасы каралууда

Казакстанда айыл чарбасын көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмасы каралууда

Айыл чарбадагы жаңы ыкма БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен Мэриленд университети тарабынан иштелип чыккан. Азыр адистер өлкөдө жаңы ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгүн сыноо үчүн пилоттук долбоорду колго алды. Адистердин айтымында, агроөнөр жай комплексинин өзгөчөлүктөрү жергиликтүү өндүрүмдүүлүктү так болжолдоо үчүн эске алынат. Система жер айдаган дыйкандарга дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгүнө чейин сапаты тууралуу кеңири маалымат берип турат. Агрардык кызматкерлерге түшкөн маалыматка караганда, түшүмдүн терс кесепеттери аныкталса, аны эрте эле алдын алууга мүмкүндүк туулат. Башкача айтканда, эгин бастырып кампага сапаттуу мол түшүм жыйноого шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков