Казакстанда 4 миң жылдык тарыхы бар пирамида табылды. Баалуу эстелик Чыгыш Казакстан облусунун Абай районундагы Кырыкунгур тереңдигинен чыкты. Окумуштуулардын айтымында, таштан тургузулган мындай артефактты Евразия талааларынан кездештирүү оңой эмес. Учурда экспонатты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. «Байыркы замандын куруучулары бул укмуштуудай ишти жасоо үчүн 1 тонна ташты колдонушкан», - дешет адистер. Ал тургай, ошол кезде деле адамдар имарат куруудан тышкары, металл иштетүүгө өзгөчө маани бергенин байкоого болот. Анткени жанынан металлдан жана таштан жасалган жебе учтары табылган. Археологиялык иштердин жемиши муну менен эле чектелбейт. Илимпоздор таш дубалынан аттардын жана жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн табышкан. Пирамиданын айланасынан үй жаныбарларынын сөөктөрү да табылган. Алар 3856 жыл мурун жашаганы аныкталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков