Уникалдуу экспонаттар жана алар менен таанышуу үчүн имараттын кире беришинде кезекке тизилген. Уюштуруучулар белгилегендей, ага карабастан, атмосфера достук жана майрамдык маанайда болгон. Бул жерде меймандар үчүн концерттик жана оюн-зоок программалары даярдалган. Уюштурулган оюндар, квесттер, ошондой эле лекциялар жана мастер-класстар. Ошону менен бирге келгендерди театралдаштырылган экскурсиялар, кол өнөрчүлүк жарманкеси, китептердин жана автордук куурчактардын көргөзмөлөрү таң калтырды. Ал эми ошол күнү меймандарды музей кызматкерлеринин ордуна белгилүү тарыхчылар, атактуу инсандар тосуп алышты. Белгилей кетсек, борбор калаада жыл сайын 18-майда Эл аралык музейлер күнүн белгилөөнүн алкагында атайын акция өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков