Венада биринчи жолу өткөн World Vision-2022 эл аралык сынагында казакстандык скрипкачы Руслан Талас баш байгени жеңип алды. Өнөр сынагына скрипка, альт, виолончель, контрабас, фортепиано жана арфа аспаптарын мыкты өздөштүргөн 16 жаштан 35 жашка чейинки таланттар ат салышты. Жыл бою сынактын эң мыктысын жеңип алган казакстандык музыкант эми Берлин филармониясында, Нью-Йорктогу Карнеги Холлдо жана Москвадагы Зарядьеде концерт коюуга жолдомо алды. Анын айтымында, мелдеш биринчи жолу уюштурулуп жатканына карабастан, атаандаштык курч маанайда өттү. Ал болбосо байге болбойт.
Руслан Талас, скрипкачы, World Vision – 2022 сынагынын жеңүүчүсү:
- Сынакты мен жеке өзүм соцтармактардан билдим, анткени ал жерде жарнамалар көп болчу. Ошондон улам катышуучулар арбын болду деп ойлойм. Жаңылбасам, катышууну каалагандардын саны дүйнөнүн 109 өлкөсүнөн 4000 миңдей. Биринчи жолу уюштурулганына карабай, масштабдуу форматта өттү. Жалпысынан сынактын мөөнөтү 1 жылга созулду. Биринчи тур аймактык, андан соң улуттук, үчүнчү тур дүйнөлүк деңгээлде, ал эми төртүнчү тур - финал Вена шаарындагы Концертхаус залында болду. Мага окшогон музыкант үчүн ошол залда өнөр тартуулоо чоң сыймык.
Руслан Талас өзүнүн жаштыгына карабай буга чейин дүйнөнүн эң мыкты скрипка мугалимдеринен таалим алган музыкант. Учурда ал Швейцариянын Лозанна музыкалык академиясында магистратурада билим алууда. Өнөрпоздун айтымында, скрипкага болгон сүйүүсүн атасы Мусахан Турынтаев бала кезинде ойготкон.
Руслан Талас, скрипкачы, World Vision – 2022 сынагынын жеңүүчүсү:
- Атам мени кичинемден бери колдоп келет. Ал өзү скрипкачы. Ошондуктан мени күндө окутчу. Негизги окууну Казак улуттук музыка академиясында баштадым. Бул билим берүү мекемесине абдан ыраазымын. Ал жакта 5 жыл окудум. 12 жашымдан баштап Москвадагы борбордук музыкалык окуу жайда окууну уланттым. Жакында Москва консерваториясын Граф Муржанын классын бүтүрдүм. Граф Муржа, ал абдан атактуу скрипкачы, Казакстанга концерт коюу үчүн көп келип турат.
Жаш талант ата мекендик сахналарда көп чыксам, жөн гана өнөр тартуулап койбой, дүйнөлүк атактуу скрипкачылардын Казакстанга келишине себепчи болсом деп кыялданат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков