Улуттук курама жайкы олимпиада оюндарына 20 спорт түрүнөн катышат

Улуттук курама жайкы олимпиада оюндарына 20 спорт түрүнөн катышат

Казакстанда спорттук инфраструктураны жаңылоо иштери колго алынды. Маселен, быйыл Алматы аймагында олимпиадалык даярдоо базасынын курулушу аяктайт. Комплексте жылына 12 ай бою 2 миңден ашык спортчу олимпиадалык спорттун 23 түрү боюнча машыга алат. Бул тууралуу Туризм жана спорт министри билдирди. Бул жаатта Ермек Маржыкпаев келерки жылы Парижде жайкы Олимпиада оюндары өтөөрүн белгиледи. Анын айтымында, учурда улуттук курама команда дүйнөлүк мелдешке кызуу даярдык көрүп жатат. 

Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри:

- Өлкөнүн курама командасы спорттун 20 түрү боюнча катышууну пландоодо. Бүгүнкү күндө биздин спортчулар спорттун 8 түрү боюнча 17 жолдомо утуп алды. Убакыт жетиштүү. Бул багытта биз жигердүү иш алып барабыз. Алдыда 90дон ашык лицензиялык мелдеш өткөрүлөт. Андыктан жолдомолорду көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Буга кошумча, министр борбор калаада Улуттук спорт университети курулуп жатканын айтты. Долбоорду 2025-жылы ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан жакынкы эки жылда 113 жаңы спорттук объект пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, келерки жылы 100 тез жыйналуучу модулдук спорт имараты тургузулат. Максат - 2029-жылга чейин сергек жашоо образын карманган жана спорт менен үзгүлтүксүз алектенген казакстандыктардын санын 50%га жеткирүү.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков