БШК өлкө аймактарынын алдыдагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого даярдыгын көзөмөлдөөнү улантууда. Ага ылайык, Маңгыстау облусунда 240 шайлоо участкасы ачылмакчы. Аталган аймакта уюштуруу иштеринде жоопкерчиликти 8 аймактык комиссия алат. Шайлоочулардын тизмесинде 410 миңден ашык адам катталган. Колл борборлор бардык маалымат үчүн жеткиликтүү. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нурлан Абдиров шайлоо участкаларын кыдырып, жетинин айынын 20да шайлоодо иш алып бара турган адистер менен жолугушту.
Шавкат Утемисов, БШКнын мүчөсү:
Бүгүнкү биздин семинарга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун эл аралык байкоочулары катышууда. Бул абдан маанилүү жана жооптуу биргелешкен иш. Биз чогуу иштешибиз керек. Алар бизге даярдык учурунда аныкталган кемчиликтерди эскертишет. Биз ага жараша мындай каталарды оңдоп, комиссиянын ишин сапаттуу уюштурууга шарт түзүүгө аракет кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков