Казакстандыктар алтын куймаларын белекке берүүнү салтка айлантып баратышат

Казакстандыктар алтын куймаларын белекке берүүнү салтка айлантып баратышат

Алтын куймаларды белекке берүү модага айланып баратат. Серепчилердин айтымында, мындай баалуу белектер казакстандыктар арасында кеңири жайылууда. Эске салсак, Улуттук банк 2017-жылы экинчи деңгээлдеги банктар жана акча алмаштыруу жайлары аркылуу элге баалуу металлдарды сатуу программасын баштаган. Ошондон бери казакстандыктар ар кандай номиналдагы 75 миңге жакын даанасын сатып алышкан. Эң жеңилинин салмагы 5 грамм, эң оорунун салмагы 100 граммды түзгөн. Негизинен мындай куймалар Алматы, Нур-Султан жана Атырау шаарларында чоң суроо-талапка ээ. Финансисттер алардын ликвиддүүлүгүн камсыз кылуунун негизги фактору банктар менен акча алмаштыруу жайларынын алтынды кайра сатып алуу мүмкүнчүлүгү экенин айтышат. Кардарга куймалардын баасы ошол эле күнү дароо төлөнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков