Казакстанда өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо күчөтүлөт

Казакстанда өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо күчөтүлөт

Казакстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянты кеңейтилет. Сенаттын депутаттары жалпы жыйында Өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндө мыйзамды кабыл алышты. Документке ылайык, жашыл талаалардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрү корголот. Бул өлкөдөгү өсүмдүктөрдүн табигый түрлөрүнүн генофондун, жалпысынан өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков