Улуттук фонд 1-февралдан тарта балдардын эсебине каражат которо баштайт

Улуттук фонд 1-февралдан тарта балдардын эсебине каражат которо баштайт

«Улуттук фонд - балдарга» долбоору боюнча чет элдик окуу жайында окуу акысын төлөөгө чектөөлөр жок. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин департамент мүдүрү атайын брифингде билдирди. Айбол Аргынгазиновдун айтымында, бирдин айынын 1нен тарта Улуттук фонддун акчасы балдардын эсебине которула баштайт. Жыл аягына чейин жашы жете электердин так саны жана канча каражат бөлүнөрү белгилүү болот. Бардык маалыматтар автоматтык түрдө жеке адамдардын мамлекеттик маалымат базасынан алынат. Эске салсак, Улуттук фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин жарымы атайын сактык эсептерге которулат. Каражаттар ар бир бала 18 жашка чыкканга чейин салынат, аны белгиленген мөөнөткө чейин чыгарып алууга болбойт. Чогулган сумманын баары бойго жеткенден кийин алардын турак жай сатып алуусуна же билим алуусуна жумшалат. Дагы бир айта кетчү нерсе, ар бир балага автоматтык түрдө атайын эсеп ачылат. 

Айбол Аргынгазинов, Каржы министрлигинин департамент мүдүрү:

- Ата-энелердин текшерүүчү эки негизги булагы болот. Биринчиси – электрондук өкмөт порталы, экинчиси – бирдиктүү пенсиялык фонддун порталы. Болбосо, бул экөөнүн тең мобилдик тиркемелеринен көрүүгө болот. Мисалы, бирдиктүү топтоо пенсиялык фондундагы жеке идентификациялык номерди терүү менен көрүнсө, электрондук өкмөт порталында ар бир ата-эненин жеке кабинетинде көрүнүп турат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков